Өкмөт жарандардын жеке маалыматын коргогон орган түзөт

Премьер-министр санариптештирүү чөйрөсүнүн коопсуздук жаатында жакшы натыйжаларга жетишти деген пикирин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жарандын макулдугусуз жеке маалыматтарды жайылтуу фактылары болбош керек. 1-февралга чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик органды түзүү тапшырмасы коюлат. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМдин Санариптешкен командалык борборунда өткөн жыйынында билдирди.

"Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири — ар бир жарандын эркиндигин, укуктарын жана жеке мүнөздөгү маалыматтарын коргоо. Ошондуктан жеке маалыматтарды мыйзамсыз аракеттерден коргоону камсыз кылуу зарыл. Жарандын макулдугусуз жеке маалыматтарды жайылтуу фактылары болбош керек. Мен 2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик органды түзүү тапшырмасын коем", — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр санариптештирүү чөйрөсүнүн коопсуздук жаатында жакшы натыйжаларга жетишти деген пикирин билдирген.

Жээнбековго жеке маалыматтардын коопсуздугу тууралуу көйгөйдү айтышты
"2019-2023-жылдарга карата киберкоопсуздук боюнча стратегия кабыл алынды. Сот, прокуратура, укук коргоо органдары санариптештирүү процессине өткөрүлүп, КЖБР, ББР системалары иштеп жатат. Мониторинг борбору, "Бирдиктүү терезе" системасы, командалык борбор түзүлдү. Мамлекеттик чек аранын көзөмөл-өткөрүү жайларына видео байкоо системалары орнотулууда. Былтыр биздин жетишкен ийгилигибиз — "Коопсуз шаар" долбоору болду. Биз биринчи баскычын жүзөгө ашырдык. "Коопсуз шаар" долбоорунун башкы максаты — коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын өмүрүн, ден соолугун сактоо, жол кырсыктарынын санын азайтуу", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы учурда "Коопсуз шаар" долбоорунун 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 калааны, 73 калктуу пунктту камтый турган негизги этабын ишке ашырууга даярдык көрүлүп жатканын айткан.