Билим берүү министрлиги аймактар менен онлайн-жыйын өткөрүүдө

Анда тобокелдик тобундагы балдарга кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү, социалдык педагогдордун компетенттүүлүгү, алардын жумушунда жаралган көйгөйлөр тууралуу талкуу болот.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. – Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 17-декабрга чейин облустардагы мектептердин тарбия иштери боюнча директорлорунун орун басарлары жана соцпедагогдор менен онлайн түрүндөгү жыйындарды өткөрмөкчү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Максат — билим берүү мекемелеринде Зомбулуксуз мектеп программасынын алкагында жыл ичинде жүргүзүлгөн тарбиялык иштер, программага жүргүзүлгөн анализдер боюнча маалыматтарды алуу.

Кыргызстандагы мектептерде ишкерлик боюнча сабак өтүлө баштайт
Бүгүн, 11-декабрда, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мындай алгачкы жыйын өткөрдү. Алар — Ош шаары жана Ош облусундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектептердин тарбия иштери боюнча директорлору жана социалдык педагогдору болду.

Жыйын андан соң Ош облусундагы инновациялык жети мектеби менен улантылды. Ар бир мектептин жетекчилиги менен тобокелдик тобундагы балдарга кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү, социалдык педагогдордун компетенттүүлүгү, алардын жумушунда жаралган көйгөйлөр тууралуу талкуу жүрдү.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.