Кыргызстандагы мектептерде ишкерлик боюнча сабак өтүлө баштайт

Концепциянын авторлорунун бири Салия Сейдахматованын айтымында, долбоор эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги ишкерлик боюнча окутуунун улуттук концепциясын алгачкы жолу иштеп чыкты.

Анын бет ачары "Жаңы муун жаңы тажрыйба менен" аттуу тегерек столдо жасалды.

Министр кесиптик билим берүүдөгү көйгөйлөрдү атады
Министрликтин кабарлашынча, бул иш-чарага Экономика министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү, билим берүү системасында эмгектенгендер, Соода өнөр-жай палатасы жана эл аралык уюмдар катышты.

Концепциянын авторлорунун бири Салия Сейдахматованын айтымында, долбоор эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыккан. Ал ошондой эле концепцияда колледждин студенттери арасында ишкерлик тажрыйбасын өнүктүрүү каралганын айтты.

Маалымат боюнча Улуттук концепция 2020-жылдын соңунан тарта кесиптик билим берүү системасына киргизүүгө даяр болот.