Чүйдө чет элдик жаран тонолду. Шектүүлөрдүн арасында келин бар. Сүрөт

Чет өлкөдөн келген жаран жашаган үйгө бейтааныш адамдар кирип келип, 70 миң сомдон ашык акчасын жана короодо токтоп турган Ford Mondeo автоунаасын алып кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Чүйдө чет элдик жаранды тоногон деп кармалган шектүүлөрдүн арасында бир келин бар. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Чүйдө чет элдик жаран тонолду. Шектүүлөрдүн арасында келин бар. Сүрөт

Билдирүүгө караганда, 5-декабрь түнү саат 1.40тар чамасында Сокулук райондук милициясына кабар түшкөн. Жерине барган ыкчам-иликтөө тобу 49 жаштагы чет өлкөлүк жаран тонолгонун каттаган.

Бишкек: кишини батирде сабап, кармап отурушкан. Шектүү кармалды
Жабырлануучунун айтымында, ал жашап жаткан үйгө бейтааныш адамдар кирип келип, 70 миң сомдон ашык акчасын жана короодо токтоп турган Ford Mondeo автоунаасын алып кетишкен.

Аталган факт Жазыктар кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Райондук милиция ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында 24 жана 33 жаштагы эки эркек жана 31 жаштагы аял кармалды. Ал эми кылмышкерлер алып кеткен автоунаа Нарын облусунун Жумгал районунда табылган.

Шектүүлөр Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилди.