Кыргызстан сотторунун Батыштыкынан артыкчылыгын Калиева айтып берди

Калиева Кыргызстандагы сот тармагын Батыштагы, тагыраагы, немис жана Австриядагы кесиптештери менен салыштырып карады.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстандын соттору Батыштагы кээ бир кесиптештерине караганда жакшы жабдылган. Бул туурасында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева журналисттерге айтып берди.

Анын маалыматына караганда, жарандар санариптештирүүнүн бир катар жыйынтыктарын көрүп жатышат. Тагыраагы, иштер, электрондук отчеттор автоматтык түрдө бөлүнөт. Андан сырткары, соттук 80 зал, башкача айтканда, өлкөдөгү залдын үчтөн бирине видео жана аудиофиксация жасалган. Бул иштин ачыктыгын камсыздайт.

"Буга чейин соттор андай же мындай деген кеп-сөздөр болгон, бирок кээде тараптардын өздөрүнөн да кетет. Эми алардын баары видеодон көрүнүп турат", — деди Калиева.

Жогорку соттун төрайымына ТЭЦ боюнча чыккан өкүм тууралуу суроо узатылды
Ал Кыргызстан сотторун Батыштагы, тагыраагы, немис жана Австриядагы кесиптештери менен салыштырып, "аларда мындай нерсе жок" деди.

"Ошол өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнө карабай алардан алдыга кеттик. Алардын судьясы өкүмдү диктофонго жазып, жардамчысы кагазга түшүрөт, ал эми бизде аудио-видеофиксация бар", — деп кошумчалады ал.

Бүгүн, 9-декабрда, Бишкекте сот системасынын 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.