БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Мамлекеттик айыптоочулар соттон Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовду 15 жана 20 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Башкы прокуратурадан билдиришти.
Процесс Ленин райондук сотунда өтүп жатат. Анда прокурорлордун жарыш сөзү болууда.
Ибраимовду Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренеси (1997-жылкы эски редакция боюнча, бир нече кылмышы үчүн жазага тартуу) боюнча жазага тартуу сунушталды. Прокурорлор анын мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесип, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебей тургандай кылууну сурашты.
Ал эми Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялап, үч жылга чейин мамлекеттик кызматта иштебөөсүн суранышты. Мурдагы мэр Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айыпталууда.
Экс-мэрлердин иши
Кулматов "Коррупция" беренеси боюнча айыпталып, 2018-жылдын 18-майында кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен 5-июнда камакка алынган. Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген 2 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланган.