Кыргызстандык окуучулар робот техникасы боюнча ат салышты. Сүрөттөр

Өлкөдөгү жөндөмдүү балдар тандалып алынып, аларга робот техникалары боюнча сабактар өтүлгөн. Кийин алар командаларга бөлүнүп ат салышты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ошто 8-декабрь күнү калаа окуучулары арасында робот техникасы боюнча Robosky Tech Fest Osh сынагы болуп өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Сынакка 8 жаштан 16 жашка чейинки 40 окуучу 10 командага бөлүнүп катышкан. Конкурска өлкөдөгү үй-бүлөлөрдүн жөндөмдүү балдары тандалып алынган. Аларга 1,5 ай бою робот техникалары боюнча сабак өтүлгөн.

Иш-чарага конок катары Кыргызстандагы робот боюнча мыкты техниктер чакырылган. Алардын арасында "РобоСкай" мектебинин негиздөөчүсү жана КРде биринчилерден болуп адамга окшош робот жасаган Санжар Жумабеков дагы бар.

Биз жасаган роботту Марска жөнөтсө болот. Жаш илимпоз Жакыпов менен маек
Жеңүүчүлөр төрт номинация боюнча аныкталган. Аларга баалуу белектер тапшырылып, 2020-жылы Россия менен Казакстанда өтө турган эл аралык сынакка катышууга мүмкүнчүлүк берилди.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын негизги максаты — жаш улан-кыздарга роботторду кандай максатта колдонсо болорун жана технологиянын өнүгүү тарыхын түшүндүрүү. Бул сынак кээ бирлерге кесип тандоого жардам берген.

Долбоор Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата уюштурулган. Сынак менен балдарды даярдыктан өткөрүү Россиянын ПРООН аркылуу түзүлгөн "Санариптик билим жана мүмкүнчүлүктөр" аттуу долбоорунун негизинде уюштурулду.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.