Радио

Жээнбаева: "Коопсуз шаар" иштей баштагандан бери 8 камера талкаланды

Мамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетинин "Коопсуз шаар" долбоорунун координатору Элнура Жээнбаева аталган мекеме подрядчы компаниядан сервистик модель аркылуу даяр гана маалыматтарды аларын айтты.
Sputnik
Жээнбаева: "Коопсуз шаар" иштей баштагандан бери 8 камера талкаланды

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында иштеп жаткан бардык аппараттык-программалык комплекстердин абалына подрядчы компания жооптуу. Бул тууралуу Элнура Жээнбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер көзөмөл камералары жарактан чыгып же бирөөлөр тарабынан талкалана турган болсо аны подрядчы өзүнүн каражатына оңдоп, калыбына келтирет.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу багытында түзүлгөн келишимге ылайык бардык аппараттык-программалык комплекстердин абалына подрядчы компания өзү жооптуу. Мисалы, эгер көзөмөл камера жарактан чыкса, аны подрядчы өз каражатына оңдойт. Ошондой эле эгер камера белгисиз бирөөлөр тарабынан талкалана турган болсо, бул учурда да ал укук коргоо органдарына кайрылып, сот аркылуу, мыйзамдын чегинде чыгымын өндүрө алат. Буга чейин сегиз көзөмөл камерасы жарактан чыккан. Анын баарын подрядчы компания калыбына келтирди. Ал эми Мамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетине сервистик модель аркылуу "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагындагы даяр гана маалыматтар келип түшөт", — деди Жээнбаева.

Ошондой эле ал "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузган автомашина ээсине токтом 23 күндүн ичинде жеткирилерин кошумчалады.