Эсин оодара чапты. Казак боксчусунун атаандашын нокаутка түшүргөн видеосу

Орто салмактагылар ортосундагы таймаш Канаданын Монреаль шаарында өттү. Мелдеш 7-раундда аяктап, казакстандык спортчу он биринчи жолу жеңишке жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Казакстандык боксчу Садриддин Ахмедов атаандашы аргентиналык Хосе Вильялобосту нокаутка түшүрдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Орто салмактагылар ортосундагы таймаш Канаданын Монреаль шаарында өттү. Мелдеш 7-раундда аяктады.

"Мекендештеримдин жана жараткандын колдоосу менен жеңишке жетиштим. Рахмат! Биздин өлкөдө тынчтык жана өсүп-өнүгүү болсун", — деди Ахмедов жеңиштен кийин сүйлөп жатып.

Бул — 21 жаштагы спортчунун  карьерасындагы он биринчи жеңиши.