Окумуштуулар адам кайсы курактарда картая турганын айтышты

Изилдөөчүлөр 18 жаштан 95 жашка чейинки 4263 адамдын кан плазмасындагы белокту анализдеп отуруп, анын түзүлүшү жаш куракка жараша бирдей эмес сызыкта өзгөрүп калганын байкашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Стенфорд университетинин окумуштуулары адамдын картаюусу бир нече баскычтан турарын аныктаганын РИА Новости жазды.

Жаштыкты узартуучу азыктар аныкталды
Адистер 18 жаштан 95 жашка чейинки 4263 адамдын кан плазмасындагы белокту анализдеп отуруп, анын түзүлүшү жаш куракка жараша бирдей эмес сызыкта өзгөрүп калганын байкашкан.

Натыйжада изилдөөчүлөр кандын плазмасындагы белок үч куракта — 34, 60 жана 78 жаштарда бөтөнчө өзгөрөт деген жыйынтыкка келишкен.

Маалыматта мындай ачылыш ар кандай курактагы оорулардын алдын алып, күрөшүүгө жардам берери айтылат.