Кыргызстандык боксчу Рой Жонстун шоусунда атаандашын утуп алды. Видео, сүрөт

Кечээ, 7-декабрда, Россияда болгон профессионалдык бокс турнирине атактуу америкалык боксчу Рой-Жонс кичүү конок катары келген. Анын көз алдында кыргызстандык спортчу сегизинчи жеңишин камсыздаган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Эржан Тургумбеков Екатеринбургда өткөн профессионалдык бокс кечесинде россиялык атаандашы Евгений Смеловду утуп алды. Бул тууралуу турнирди уюштурган RCC Boxing промоутерлик компаниянын ВКонтакте баракчасында жазылган.

Турнир "Рой Жонс кичүүсү менен жеке кармаштар боюнча РМК Академиясынын шоусу" деп аталган. Ага атактуу америкалык боксчу Рой Жонс кичүү конок катары келген.

Анын алкагында Тургумбеков 59 килограмм салмак категориясында Смелов менен кармашып, алтынчы раундда техникалык нокаут менен утуп алган. Беттеш сегиз раундга чейин созулмак.

"Тургумбеков мелдештин башында эле артыкчылыктарын көрсөтө алды. Бир убакта атаандашын нокдаунга кетиргенге да жетишти. Бирок каршылашы чыдамкай экендигин баса белгилеп кетишибиз керек. Алтынчы раундда Смеловдун кашы жарылып кеткендиктен, дарыгерлер кармашты токтотууга аргасыз болду", — деп айтылат компаниянын баракчасында.

Натыйжада Тургумбеков профессионалдык карьерасында сегизинчи жеңишин камсыздады. Быйыл ал Европа чемпиону боло алды.