Көркөм өнөр музейинде Жумабай Yмөтов атындагы сыйлык ээлеринин көргөзмөсү ачылды

Yмөтовдун эмгектери Германия, Прибалтика, Япония, Польша, Венгрия жана башка бир катар мамлекеттерде көрсөтүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Жумабай Yмөтовдун 85 жылдыгына арналган кече өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк, көркөм эмгекке арналган искусство илими жаатындагы Жумабай Yмөтов атындагы эл аралык сыйлык ээлеринин көргөзмөсү ачылды.

Министрлик тараткан билдирүүдө Жумабай Yмөтовдун чыгармачылыгы элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн салттуу түрлөрүнүн кайра жаралуусуна зор өбөлгө болгону баса белгиленет.

"Жаңы тарыхый этапта көркөм колдонмо өнөрдүн түрлөрү Yмөтовдун чыгармачылыгы менен башталат. ХХ кылымдын 70-90-жылдары тубаса жана көп кырдуу талант Yмөтов советтик көркөм колдонмо өнөрүнө негиз салуучу катары таанылган", — деп айтылат маалыматта.

Маданиятпы же... Депутат музейдеги окуяга укуктук баа берүүнү талап кылды
Yмөтовдун эмгектери Германия, Прибалтика, Япония, Польша, Венгрия жана башка бир катар мамлекеттерде көрсөтүлгөн.

Ал бир нече жолу СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, төрагасы жана Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун президиумунун мүчөсү болуп шайланган.

2018 жылы 6-июлда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу менен Жумабай Yмөтов атындагы эл аралык сыйлык негизделген.