БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталган мурдагы финансы министри Ольга Лаврова сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып көзүнө жаш алды.
Ал СССР убагынан бери жигердүү иштеп жатканын белгилеп, 35 жыл жетекчилик кызматты аркалаганын эске салды.
Ал эми 42 жылдык эмгек жолунда бир дагы калпыстык кетирбегенин билдирди.
"Дагы бир-эки жылдан кийин пенсияга чыгам, неберелеримди карап үйдө отурам деп ойлогом. 2012-жылы Жантөрө Сатыбалдиев чакырып, "дефицит өсүп жатат, финансы тармагын жөнгө салып бериңиз. Бул жерде менин эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы каралып жатат" деп суранган. Макул болуп натыйжалуу иштеп, өз ыктыярым менен кеткенден кийин кылмышка айыпташканы катуу сокку болду", — деп көзүнө жаш алды экс-министр.
Ольга Лаврова 2012-2015-жылдары финансы министри болуп иштеген.
Жараян учурда Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жатат.
Айыпталуучулардын тизмесинде Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Биримкулов, Айбек Калиев, Ольга Лаврова бар. Баары акыркы сөзүн айтып бүттү. Сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү залына чыгып кетти.