Жээнбеков окуучуларга ысык тамак берүү боюнча мыйзамга кол койду

Мектептерди ысык тамак менен камсыздоо боюнча мыйзам 23-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мектептерде окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

"Документ мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жалпы билим берүү уюмдардагы башталгыч класстардын окуучуларына тамактанууну уюштуруу тартибин аныктайт", — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамдын максаты — окуучулардын тамактануусун меню боюнча уюштуруу жана балдарды жаш курагына дал келген азык менен камсыздоо.