Жалал-Абад: 18 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелип кыз жана улан кармалды. Сүрөт

Милициянын алдын ала берген маалыматына караганда, каза болгон жаран Сузак районунун 18 жаштагы тургуну К.Т. экени жана чыр өз ара келишпестиктен чыкканы аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда 18 жаштагы жигиттин өмүрүнө кол салган деген шек менен аны менен тең чамалаш улан жана кыз кармалды. Бул тууралуу аталган облустун милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

2019-жылдын 9-ноябрында саат 11:30дар чамасында Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникалык ооруканасына жаш жигитти оор абалда алып келишкен. 

Жалал-Абад: 18 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелип кыз жана улан кармалды. Сүрөт
"Белгисиз адамдар жаш жигитти учтуу буюм менен ич тарапка сайган. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, маалымат милицияга билдирилген. Жабырлануучуга 2 сааттан ашуун операция жасалып, ошол эле түнү эс-учуна келбей каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Аламүдүндө жай тургундун үйүнө кирген кылмышкерлер уулун өлтүрүп кетишти
Бул факты боюнча Жалал-Абад шаардык милициясынын тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, кароо жүргүзгөн. Каза болгон жаран Сузак районунун 18 жаштагы тургуну К.Т. экени жана чыр өз ара пикир келишпестиктен чыкканы аныкталган.

"Тартип коргоо органдары 19 жаштагы У.Д. аттуу эркек баланы жана 17 жаштагы Н.А. аттуу кызды шектүү катары кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген", — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү материалдар чогултулуп Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 39-беренеси ("Кылмышка аракеттенүү"), 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.