"Коопсуз шаар" камералары кайсы эреже бузууларды жазбайт? ЖКККББ жообу

Саркулов автоинспекторлор "Коопсуз шаардын" камералары жазган жол эрежелерин бузуулар боюнча эскертүү жасап, протокол түзө албастыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери "Коопсуз шаардын" камералары бар жерлерге турууга болбойт. Бул тууралуу ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. 

"Коопсуз шаар" камералары кайсы эреже бузууларды жазбайт? ЖКККББ жообу

Мындай талапты ал бүгүн, 4-декабрда, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек столдо билдирген.

Анткен менен орнотулган камералар жол эрежеси бузулган сегиз гана учурду жазары айтылган.

"Эгерде инспекторлор камера жаза албай турган эреже бузууну байкап калса, маселен, жүргүнчүлөрдү же балдарды салып бара жатканда коопсуздук куру тагылбаса, мас болуп алып айдап бара жатса, токтотуп алып протокол түзө алат", — деген Саркулов.

Ал автоинспекторлор "Коопсуз шаардын" камералары жазган жол эрежелерин бузуулар боюнча эскертүү жасап, протокол түзө албастыгын кошумчалады.