Депутат мурдагы президенттер мамлекеттик сырды кандай сактап жатканына кызыкты

Биринчи вице-премьер мамлекеттик сырды жарыя кылуу кылмыш экенин айтып, эгер ошондой факты болсо кылмыш иши козголорун белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев мамлекеттик купуя сырлардын көбүн президенттер билерин айтып, Кыргызстандын мурдагы башчылары сырды кандай сактап жатканына жана ага ким жооп берерине кызыкты.

Белгилей кетсек, парламент бүгүнкү жыйынында коррупция жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

"Эски президенттердин бири Россияда, экинчиси Белоруссияда, үчүнчүсү тергөө абагында отурат. Купуя сырлар сакталып жатабы?" — деди депутат.

Биринчи вице-премьер Жеңиш Разаков Кыргызстанда бул боюнча мыйзам бар экенин жана анын аткарылышын УКМК камсыздай турганын айтты.

Амангелди Муралиевдин уулу мамлекеттик чыккынчылык үчүн 12 жылга кесилди
"Мамлекеттик купуя сырдын мыйзамда өзүнүн тартиби бар. Башкача айтканда, адам сырды сактайм деп тил кат жазып берет. Эми аны ким кандай сактап жатканын билбейм", — деди Разаков.

Биринчи вице-премьер мамлекеттик сырды жарыя кылуу кылмыш экенин айтып, эгер ошондой факты болсо кылмыш иши козголорун кошумчалады.

Сөзүнүн соңунда депутат Казакбаев өкмөткө Мамлекеттик купуя сыр тууралуу мыйзамды карап коюну айтып, "бизде купуя сыр деле калган жок окшойт" деген пикирин билдирди.