Бишкекте жер пайдалануу маселеси боюнча каякка кайрылуу керек. Дареги

Шаардык мэрия жер тилкелерин колдонуу жана муниципалдык аймакка курулуш иштерин жүргүзүү боюнча кайсы жакка кайрылса болорун айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 4 дек — Sputnik. Бишкектиктер жер тилкелерин пайдалануу жана курулуш маселелери боюнча тармактык башкармалыктын адистерине кайрыла алат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарынын балансына үч бала бакча кайтарылды. Даректери
Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Тунгуч кичирайонундагы №57 үйдө жайгашкан. Иш убактысы саат 8:30дан 17:30га чейин уланмакчы. (0312) 975-122 номери аркылуу алдын ала жазылса болот.

Мэриянын маалыматында, кечээ башкармалыктын жетекчиси Талантбек Иманакун уулу 12 адамга кеңеш берген. Көпчүлүгү киоск, павильон жана тез татым жайларын ачууга уруксат алуу үчүн келишкен. Айрымдары муниципалдык жердеги мүлкү демонтаждалып жатканын айтып кайрылышкан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.