Кыргызстандыктар эки бажы бекетиндеги камераны көрсө болот

Автоунааларды өткөрүү жана бажыдагы каттоо бекеттериндеги 14 камера мамлекеттик "Түндүк" системасына туташты.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар эки бажы өткөрүү пунктундагы видеокамераны Мамлекеттик бажы кызматынын сайтынан онлайн режимде көрсө болорун мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жарандар "Торугарт" өткөрүү бекетиндеги (Нарын облусу) жана Кытай менен чектешкен жердеги "Эркеч-Там" (Ош облусу) постундагы камераларды Бажы кызматынын сайтынан көрө алышат.

Мекемеден билдиргендей, эки бекетке төрттөн камера орнотулган. Ал эми 14 камеранын айрымдары бажы документтерин каттоо жайларына коюлуп, мекемелер аралык "Түндүк" электрондук системасына кошулган.

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алып салды
Видео көзөмөлдөгү маалыматтар президенттин жана өкмөттүн аппаратына берилип турат.

Ушундай эле камералар эми "Кант", "БТС", "Кыргызмебель", "Автомобильный", "Бизнес-Транс-Сервис", "Беловодск" жана КММ жайларына орнотулмакчы. Аны менен бирге "Ак-Чий" жана "Улуттук көргөзмө борбору" ишканалары да көзөмөл камераларына туташтырылат.

Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн макулдашуусу менен ЕАЭБге кирүүнүн алкагында жалпысынан 472 камера коюлду. "Эркеч-Там" (50 видеокамера), "Кызыл-Кыя" (56 камера), "Торугарт" (73 камера), "Кызыл-Бел" (50 камера), "Кайрагач" (55 камера) жана "Жалал-Абад" (51 камера), "Шамалды-Сай" (39 камера),"Кара-Суу" (66 камера), "Кызыл-Кыя" темир жол өткөрүү бекеттери (32 камера) жалпы системага туташкан.

Электрондук системага кошуу боюнча иштер жаңы жылга чейин аяктайт.