Жумушуна 5 саат жөө баскан официант кызга кардарлары унаа белек кылышты

Официанттын жумушка жөө келерин кардарлары капыстан эле билип калышкан. Мындан улам алар ага унаа белек кылууну чечишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кафенин кардарлары жумушуна күн сайын барып, кайра келүү үчүн беш саат жөө баскан официантка унаа белек кылышканын Daily Mail басылмасы жазды.

Окуя Техас штатындагы Галвестон шаарында болгон. Адрианна Эдвардс аттуу кыз жумушка барып, кайра келүү үчүн жалпысынан 45 чакырымды басып өтүп, ага беш саат убакыт короткон. Ал автокөлүк сатып алууну көздөп акча чогултуп жүргөнү менен тапканы өзүнөн артчу эмес.

Официант кыз келишкен дене мүчөсү менен байлыкка жетти
26-октябрь күнү эртең менен ал жубайларды тейлеген. Алар капыстан Эдвардс жумушка узак жолду басып келерин билип калышкан. Бир нече сааттан кийин түгөйлөр кызга 2011-жылы чыккан Nissan Sentra үлгүсүндөгү унаа алып келишкен. Эдвардс муну алгач тамаша деп ойлоп, көпкө чейин ишене алган эмес. А тургай терезеден автокөлүк турган-турбаганын кайра-кайра карай берген. Эми ал жумушка чейин жарым сааттык гана убактысын коротуп калды.

Ал эми жубайлар сыр бойдон калууну туура көрүп, кызга кийин башка бирөөгө жакшылык кылып коюуну суранышкан.