Мэрия Бишкектеги павильон менен банкоматтарды алууда. Сүрөт

Бийлик Орто-Сай базарынын айланасындагы штендерлерди, шаардын башка жериндеги павильон жана банкоматтарды алып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы мыйзамсыз орнотулган объектилерди алууда.

Ишти Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен "Тазалык" муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө. Алар Фрунзе жана Тойгонбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильонду, Орто-Сай базарынын айланасындагы штендерлерди жана Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишиндеги эки банкоматты алып салышты.

Мыйзамсыз жана туура эмес орнотулган объектилер тууралуу маалымат, сүрөт жана видеолорду (0703) 63-38-33 номерине жөнөтүүгө болот.