Бул биздин шаар! Ыш баскан Бишкектин сүрөтү

Окурман сүрөт бүгүн, 1-декабрда, шаардын түштүк-батышында тартылгандыгын айтты. Жылытуу мезгили башталып-башталбай шаарды ыш басты.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкекти басып турган ыш калаанын жогору жагында туруп алып жакшылап караган кишиге дароо байкалат. Окурман Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйдөн тартып алган сүрөтүн Sputnik редакциясынын WhatsApp-каналына салып жиберген.

Бул биздин шаар! Ыш баскан Бишкектин сүрөтү

Кадрдан кичирайондун эң бийик үйлөрү жана шаардын үстүн каптап турган ыштын сүрөтүн көрүүгө болот. Окурман сүрөттүн бүгүн, 1-декабрда, тартылгандыгын айтты. Жылытуу мезгили башталып-башталбай шаарды ыш басканы байкала баштады.

Кара түтүнгө ууланган Бишкектин асмандан көрүнүшү. Видео
2019-жылдын 26-ноябрында Бишкек мэриясы организми сезимтал адамдарды бет кап кийүүгө чакырган. Анда сууктун түшүшү менен автоунаадан чыккан уулуу газ көбөйүп, тургундар үй менен мончолорду жылытууда таштанды, желим жаккан учурлар болуп жатканын билдирген. Мунун бардыгы абанын булганышына жана анын сапатынын индексинин (AQI) жогорулашына алып келери эскертилген.

Ал эми Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эмгек гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Алтай Төлөнбаев Бишкектин булганган абасынан бет кап коргой албастыгын айткан.