"Психолог менен баарлашуу" рубрикасында жаңылып-жазып, мындан ары эмне кылышты билбей жаткан келиндин каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы? Эки айдан бери ичкеним ирим, жегеним желим болуп, оюм онго, санаам санга бөлүнүп, бушайман болуп жүрөм. Себебин баштан-аяк түшүндүрүп берейин.
Жанымда соода кылган кыз-келиндердин баарынын үстүндө үйү, астында унаасы бар. Баары жакшы турушат. Алар менен кээде эс алууга чыгып калчумун. Арасында күйөөгө тие элеги, тийип чыкканы да бар. Ушул жайда чогуу иштеген 5-6 аял Ысык-Көлгө эс алып барып келдик.
Колубузда акча, астыбызда унаа бар, болушунча жыргадык. Ошол жактан жаныбыздагы кыздын сүйлөшкөн адамынын достору менен таанышканбыз. Арасынан салабаттуу, жакшынакай бир досу менен көзүбүз чагылыша түшкөн. Көлдөн келгенден кийин бир күнү ошол адам чалды. Телефонумду чогуу иштеген кыздан алыптыр. Ал-ахвал сурашкандан кийин чайга чакырды, бирок күйөөм, балдарым бар экенин айтып барган жокмун. Көп күн өтпөй кайра чалып түшкү тамакка чакырды. "Жаш кыздай болбой барса барып көрөйүн" деп бардым.
35те экен. Үйлөнүп, ажырашып кеткенин айтып, кобурап отурду. Маңдайы жарык, жакшынакай кийинген, орду менен сүйлөгөн адам экен. Башкача сезимдер коштоп ошону менен тарап кеттик. Ошол күндөн кийин жүрөгүм дүкүлдөп эле, жинди немедей баягы адамды ойлой баштадым. Үйгө барсам, күйөөмдүн жанында отурсам деле ошол адам ойго түшөт. Жолдошум көп сүйлөбөгөн, иш десе ичкен ашын жерге койгон адам. Бир да жолу катуу сүйлөп, көңүлүмдү калтырган эмес. Болгону бизге, балдарга убактысы аз эле. Көп убактысы жумушта өтөт. Ошол себептен да тиги адамдын жылуу сөздөрүнө эреркей түштүм окшойт. Аны менен смс жазышып жүрүп эле жакын болуп кеттик. Ошентип жүрүп бир күнү күйөөмдүн көзүнө чөп салдым. Ашык болдумбу же шайтан азгырдыбы, айтор, түшүнбөй калдым.
Бул ишти эми жолдошума айтсамбы же унчукпай жүрө берсемби деп башым маң. Билмексен болуп жүрө бергенден бетим чыдабай жатат. Айтсам андан да жаман болорун билип турам. Эмне кылсам, күйөөмө унчукпай эле койсомбу же кези келгенде айтышым керекпи? Биздин коомдо аял үчүн бул өтө уят нерсе экенин билем, бирок сезимге алдырып жибердим... Айлам кетип психологго кат жазып көрүүнү эп көрдүм.
"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:
— Үй-бүлөлүк жашоону бойдокчулук менен салыштырбаш керек. Адам турмуш курганга чейин башка принцип, башка кызыкчылык менен жашайт. Ал эми үй-бүлөлүү болгондон кийин жоопкерчиликтүү жашоо башталат. Ал жашоо оюнчук эмес.
Аялдын жазган катына караганда бул үй-бүлө сүйлөшүп, акылдашып эле турмуш курган. Алардын бүлөсүндө гармония, үй-бүлөлүк баалуулук деген нерсе бар окшойт. Күйөөсү катуу сөз айтпаса, аялын сыйлап, тапкан-тергенин бүлөсүнө жумшаса, демек, камкор ата, камкор жолдош көрүнөт. Аял деле өз күчү менен соодасын жакшыртып бутунан туруптур. Бул жубайлар "бала, үй-бүлө" үчүн деп тытынган адамдар. Бирок ошентип жүрүп бири-бирине көңүл бурбай калышат. Чогуу сейилдеп же саякаттабай, атургай көп сүйлөшүп, сырдашпай калганда да жан дүйнөдө боштук пайда болот. Ушундай боштук пайда болгон учурда бул келин жанагы артынан ээрчип жүргөн адамга жолугуп калган. Ал адам жылуу сөз менен, белек менен көңүлүн алган.
Мен "күйөөңө айт же айтпа" деп так кесе айта албайм. Азырынча бул маселени чечүү үчүн убакыт керек. Аялдын ар бир ою аналитикадан өтүшү керек. Терең ойлонсун. Азыр эмоция менен айтып алып, күйөөсүнүн жүрөгүнө так калтырып алышы мүмкүн. Анын намысына тиет. Мындай нерсени укса эркектин баары эле ызаланып, намыстанышы ыктымал. Жакшылап ойлонуп, анализ кылсын. Негизи эле "айт же айтпа" деп кеңеш берүүнүн өзү туура эмес.
Азыркы кеңешим, жакшылап ойлонуңуз. Үй-бүлө, бала-бакыра кымбат десеңиз, анда артыңыздан чуркап жүргөн адам менен мамиле, байланышты таптакыр үзүңүз. Андан соң психологго консультацияга жазылып, алар менен сүйлөшүп, андан соң чечимди өзүңүз кабыл аласыз.