Кыргызстандык бийкеч Камбоджадагы сулуулук сынагына катышат

Бьюти-сынак 2-декабрда Камбоджада башталып, финалы 14-декабрда өтөт. Таажы менен акчалай сыйлык үчүн 40 мамлекеттен келген катышуучу ат салышат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык модель Сайкал Токтогулова Miss Tourism Metropolitan International — 2019 эл аралык сынагына катышат. Бул тууралуу конкурстун Facebook баракчасына жарыяланды.

Таажы менен акчалай сыйлык үчүн 40 мамлекеттен келген катышуучу ат салышат. Сынак 2-декабрда Камбоджада башталып, финалы 14-декабрда өтөт.

Буга чейин Токтогулова "Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагына катышып, "Кыргызстандын топ модели" наамын жеңип алган.

Сайкал 18 жашта. Учурда ал Кыргыз авиациялык институтунда билим алат.

Miss Tourism Metropolitan International сынагына 2017-жылы өлкө атынан Айсулуу Абдыбакасова катышкан.