35 жаштагы судья Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы болуп шайланды. Сүрөт

Соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары тиешелүү жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушунда үч жылдык мөөнөткө шайланышат.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 29-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл райондук жана Каракол шаардык сотторуна төрага жана төрайым шайланды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирмеге караганда, 14-ноябрда Каракол шаардык сотунун судьяларынын ачык добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен шаардык соттун төрагасы болуп 39 жаштагы Ильяс Иманбеков шайланган.

35 жаштагы судья Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы болуп шайланды. Сүрөт

Ал эми 27-ноябрда Ысык-Көл райондук сотунун судьяларынын чогулушунда 35 жаштагы Мээрим Акматова төрайым болгон.

Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын 24-беренесине ылайык, соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары тиешелүү жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушунда үч жылдык мөөнөткө шайланышат.