"Астананын" оюнчулары "Манчестер Юнайтед" командасын утуп алды

Оюн Европа лигасынын тайпалык этабынын бешинчи турунун алкагында өттү. Казак футболчулары британиялыктардын резервдеги командасы менен беттешти.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Казакстандын "Астана" клубу Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубу менен Нур-Султанда ойноп, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

FIFA рейтинги: Кыргызстандын футбол командасы артка кетти
Оюн Европа лигасынын тайпалык этабынын бешинчи турунун алкагында өттү. Талаага "Манчестер Юнайтед" клубунун резервдеги курамы чыккан.

Биринчи тайм 0:1 эсебинде британдыктардын пайдасына аяктаган. Экинчи таймда казак футболчулары оюндун башында бир гол киргизди. Таймаш ортолоп калганда атаандаштары өз дарбазасына гол киргизип алып, казак оюнчулары алдыга озуп чыкты.

Жыйынтыгында эсеп 2:1 болуп, "Астана" клубу жеңишти камсыздады.