ЖККУ тажик-афган чек арасындагы абалды жөнгө салууга жардам берет

Тажикстан менен Афганистандын чек арасындагы абал оор бойдон калууда. ЖККУнун жогорку жетекчилиги аракеттерди көрүүнү чечти.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюму Тажикстан менен Афганистандын чек арасындагы чыңалууну азайтат. Бул туурасында ЖККУнун башкы катчы Валерий Семериков билдирди.

Бишкектеги ЖККУ саммитинде кол коюлган 15 документтин тизмеси
Анын айтымында, ЖККУнун жогорку жетекчилиги тажик-афган чек арасындагы, деги эле Тажикстанга чектеш аймактардагы чыңалууну чечүү башкы маселелердин бири деп эсептейт.

Саммитке катышып жаткан мамлекет башчылары тийиштүү чаралардын тизмеси каралган документтерге кол коюшту. Семериков ушул жылы ЖККУ Тажистандын аймагында окуу-машыгууларын өткөргөнүн белгиледи.