Чечинип келе жаткан Токаев, ынтаасын койгон Пашинян. ЖККУ саммитинен 17 ирмем

Sputnik

Жээнбеков ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларын тосуп алгандагы сүрөт
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы Бишкекте кандай өткөнүн көргүңүз келсе, Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнө назар салыңыз. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын лидерлери чогулду.

Уюмдун негизги максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо.

1 / 17
Протокол боюнча биринчи болуп Армения өкмөт башчысы Никол Пашинян келди. Ал сүрөтчүлөргө жылмайып, Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков менен бир нерсени кызуу талкуулап жатты.
2 / 17
Белоруссия башчысы Александр Лукашенконун буга чейин Кыргызстандын президенти жөнүндө жылуу пикирин айтканы бар. Жарым жыл мурда КР элчиси менен жолукканда Жээнбековду "өтө дурус адам" деп атаган.
3 / 17
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан. Андан сырткары, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барып келишкен.
4 / 17
Мамлекеттик резиденцияга жаңы гана келген Тажикстан президенти Эмомали Рахмон кесиптеши Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп жатат.
5 / 17
Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков Россия лидери Владимир Путинди жылуу тосуп алды
6 / 17
Россия 2005-жылдан тарта ЖККУ өлкөлөрү үчүн өзүнүн окуу жайларында аскерлерди окутуп, тарбиялап берип келе жатат. Жыл сайын ал жерде миңдеген адистер билим алат, алардын ичинде Өзбекстандан да бар.
7 / 17
Кыргызстан президенти ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алып жатат
8 / 17
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары жана ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков сүрөткө түшүү учурунда
9 / 17
ЖККУнун башкы максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо
10 / 17
Саммиттин жүрүшүн алты өлкөдөн 265 журналист чагылдырды
11 / 17
Мамлекет башчылары тар жана кеңири форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
12 / 17
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Евразиядагы коопсуздукту камсыздоодо Россия жана анын лидери Владимир Путиндин эмгегин баалады
13 / 17
Кечээ Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан. Лидерлер соодадагы тоскоолдуктардан арылууну макулдашышкан.
14 / 17
Россия лидери Владимир Путин ЖККУ бөлүмдөрүнө БУУнун колдоосунун алдында тынчтык орнотуучу аракеттерге катышууга мүмкүнчүлүк берген нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгууну сунуштады.
15 / 17
Сүйлөшүүлөрдө афган-тажик чек арасындагы маселе да орчундуу болду
16 / 17
Жолугушуунун жүрүшүндө президенттер уюмдун ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары менен заманбап чакырык, коркунучтарга каршы чаралар тууралуу дагы талкуулашты
17 / 17
Сессиянын жыйынтыгы менен 15 документке кол коюлду. Алардын арасында афган-тажик чек арасындагы маселелерди чечүү жана БУУнун террорчулукка каршы стратегиясын аткаруу долбоорлору бар.