Жээнбеков: тарыхты кайра жазып чыгуу аракеттерине каршыбыз

Өлкө башчы Кыргызстан үчүн Жеңиш майрамынын мааниси өтө чоң экенин айтты. Эскерте кетсек, ушу тапта Бишкекте ЖККУга мүчө өлкө башчыларынын саммити өтүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тарыхты кайра жазуу аракеттерине түп-тамырынан  каршы экенин билдирди. Өлкө башчы бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан ЖККУ саммитинде айткан.

"Россиянын аталган уюмга төрагалык кылуусу Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына туш келиши символикалуу деп эсептейм. 9-Май — баарыбыздын Жеңиш майрамыбыз экени талашсыз", — деди Жээнбеков.

Жээнбеков ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларын тосуп алгандагы сүрөт
Мамлекет жетекчиси совет эли дүйнө жүзүнө биримдиктин, баатырдыктын, Ата Журтка берилүүнүн уникалдуу үлгүсүн көрсөткөнүнө токтолду.

"Биз жалпы тарыхыбызды унутпай, аны кайра жазып чыгуу аракеттерине чогуу каршы турушубуз керек. Кыргызстан Жеңиш майрамына өзгөчө маани берет. Мекенибиздин эркиндиги үчүн кан төккөн эр-азаматтарга таазим кылабыз", — деди Жээнбеков.

Президент Кыргызстан Улуу Жеңиш майрамына карата ири иш-чараларды өткөрө турганын кошумчалады.