Кыргыз-орус мамилеси тереңдейт. Жээнбеков менен Путин өзүнчө сүйлөштү

Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилеси активдүү динамикага ээ болуп, өлкөлөрдүн кызматташуусу бардык багыттар боюнча жемиштүү уланып жатканын баса белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Россия лидери Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында болгон.

Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилеси активдүү динамикага ээ болуп, өлкөлөрдүн кызматташуусу бардык багыттар боюнча жемиштүү уланып жатканын баса белгиледи. 

Кыргыз-орус мамилеси тереңдейт. Жээнбеков менен Путин өзүнчө сүйлөштү

Ал Россиянын президентине ЖККУнун алкагында да, эки тараптуу форматта да активдүү жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биз дайым сизди Кыргызстанда көрүүгө кубанычтабыз. Сизди биздин өлкөдө жакын жана чыныгы дос катары кабыл алышат", — деди ал.

Андан сырткары, Кыргызстан жана Россиянын кызматташуусу мындан ары дагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктө өнүгөрүнө ишеним артты.

ЖККУнун башкы катчылыгына жаңы талапкер бекитилди
Өз кезегинде Путин Жээнбековго Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгынын алкагында аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирди. Эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү үчүн гана эмес, аймактагы кызматташтык жаатында дагы маанилүү болгон көптөгөн маселелер боюнча Кыргызстан лидерликти көрсөткөнүн белгиледи.

Путин, андан сырткары, кыргыз тарапка БУУ жана башка аянтчаларда Россиянын сунуш-демилгелерин колдогону үчүн ыраазы болду.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда Бишкекте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп, ага Кыргызстан төрагалык кылды. Башчылык милдет эми Россияга өттү.

Саммит кандай өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин онлайн репортажынан окуңуз.