Сергей Лавров РФтин Кыргызстанга берген каражаты тууралуу маалымат берди

Дипломат Кыргызстанга жети жыл ичинде берилген гранттар жана кечилген карыздардын суммасын айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга болгон каржылык колдоолор боюнча маалымат берди.

Ал Дипломатиялык академиядан студенттердин алдында сүйлөп жатып Кыргызстанга көрсөткөн көмөгүн Россия саясатташтырбай турганын белгилеп өттү.

"БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу 70 миллион доллардан ашуун бөлүп бердик. Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо максатында Россия тарабынан соңку жети жылда жалпысынан 311 миллион доллар грант берилди. Ал эми былтыр 240 миллион доллар карызды кечти", — деди дипломат.

Бул жолугушууда Сергей Лавровго Кыргызстандын Дипломатиялык академиясынын ардактуу профессору наамы ыйгарылды.