Россия КРге эки тик учак жана абада коргонуу техникасын берди. Сүрөт

Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстанга ушул жылдын апрель айында дагы МИ-8МТ үлгүсүндөгү эки тик учак жана сооттолгон атайын унааларды берген эле.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россия Кыргызстанга эки МИ-8МТ тик учагын жана П-18 радиолокациялык станциясын белек кылды. Техникаларды тапшыруу аземи КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу бөлүгүнүн Кант шаарындагы авиатехникалык аймагында өттү.

Аскердик жардамды Россиянын Коргоо министрлиги жеткирип берди.

Иш-чарага Кыргызстандын Генералдык штабынын башчысынын орун басары Нурлан Чомоев менен Россиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин катышты.

"Аскердик-техникалык кызматташтык — учурда тез өнүгүп бара жаткан тармактардын бири. Коопсуздукту биргеликте камсыз кылуу кызматташтыгыбыздын артыкчылыктуу бөлүгү бойдон кала берет", — деди Чомоев.

П-18 радиолокациялык станциясы келе жаткан аба кемесин көрүп, коштоп жана анын кайсы мамлекетке тиешелүү экенин аныктай алат.

МИ-8МТ тик учагы жөө аскерлердин ишин жакшыртып, асмандан ок атууга жөндөмдүү. Ошондой эле куралдарды, медициналык каражаттарды жана жарадарларды ташыйт.