Пресс-борбор

Адис: бүгүнкү күндө жаңы ири соцтармак ачуу мүмкүн эмес

Алексей Филипповский маалымат катчылар, журналисттер, контент-менеджерлер, SEO жана SMM адистер, профилдик багыттагы студенттер үчүн мастер-класс өткөрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин интернет-технология борборунун жетекчиси Алексей Филипповский жаңы соцтармактарды түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып берди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда маалымат катчылар, журналисттер, контент-менеджерлер, SEO жана SMM адистер, профилдик багыттагы студенттер үчүн SputnikPro эл аралык долбоорунун алкагында мастер-класс өттү

Адистин айтымында, Facebook, Twitter жана башка ири социалдык тармактар жасап жаткан нерсени кайталаганга аракет жасабай деле койсо болот. Филипповский соцтармак рыногуна кирүүдөн пайда чыкпай турганын айтты.

"Көпчүлүк учурда тааныштарым кайрылып жаңы соцтармак түзүүнү сунушташат. Бирок, тилекке каршы, 2019-жылы андай нерсени жасай албайбыз. Жаңы соцтармактардын элге кереги жок. Дүйнөдө түптөлүп калган жумушчу платформалар бар. Анын агымына кирүү дээрлик мүмкүн эмес", — деди Филипповский.

Ал ошондой эле Россиядагы тааныштары "ВКонтакте" жана "Однаклассники" тиркемелерин ишке киргизгенден кийин өздөрүнүн соцтармагын ачууга аябай аракет жасашканын, бирок майнап чыкпаганын кошумчалады.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Билим берүүнүн алдыдагы 10 жылга белгиленген концепциясы талкууланды
SputnikPro долбоору дүйнөнүн 13 мамлекетинде — Армениядан Индияга чейин, Грециядан Кытайга чейин өткөрүлүп келет.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп, алдыңкы орунга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт.