Бейшембиге карата аба ырайы

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттиги билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. 28-ноябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын аймактарында -1...-6 градус суук, Ысык-Көл жергесинде 0...+5, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +3...+8 градус жылуу болот.

Бишкек, Ош шаарларында кар жаабайт. Борбор калаада күндүн табы -1…-3 төмөн болсо, Ошто +5…+7 градус жылуу болот.