Кандай аялдар ачык кийингенди жакшы көрөт? Жаңы иликтөө

Адистер эмне себептен кыз-келиндер ачык кийинип, дароо көзгө урунган макияж колдонорун билүү үчүн 38 мамлекетте жашаган 30 миң аялды иликтөөгө алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Аялдар материалдык жактан пайда көрүп, өзүнүн коомдогу статусун көтөргүсү келген маалда болгон-толгон сулуулугун көрсөткүсү келип ачык кийимдерди кийип алат. Мындай бүтүмгө бир нече жылга созулган иликтөөдөн кийин Мельбурн университетинин (Австралия) окумуштуулары келгенин Daily Mail басылмасы жазды.

Адистер эмне себептен кыз-келиндер ачык кийинип, дароо көзгө урунган макияж колдонорун билүү үчүн 38 мамлекетте жашаган 30 миң аялды иликтөөгө алышкан.

"Алардын ар бирине өтө маанилүү кече үчүн кийим танда деген тапшырма берилген. Жыйынтыгында экономикасы олку-солку өлкөдө жашаган, үй-бүлөсүнүн материалдык абалы начар аялдар денесинин көбүрөөк бөлүгүн көрсөтүп турган, жалтырак кийимдерди тандап, укмуштуудай чач жасалгасын жасатышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Окумуштуулар депрессиядан арылуунун оңой жолун айтышты
Буга эмне себеп экенин сураган маалда экспериментке катышкан аялдардын көбү өзүнүн социалдык абалын жакшыртыш үчүн эң негизги курал катары келбетин жана денесин колдонорун айтышкан.

"Биз ачык кийинип жүргөн аялды көргөндө жөн гана жеңил ойлуу, көңүл ачууну жакшы көрөт деп ойлойбуз. Чындыгында абал андан дагы оор. Аял өзүнүн чырайын акыркы мүмкүнчүлүк катары пайдалангысы келет", — деди иликтөөгө катышкан психологдордун бири Кэндис Блэйк.

Баса, буга чейин үй-бүлөдө аялдын көбүрөөк акча табышы күйөөсүнө кандай таасир этерин жазганбыз. Материалда аял-эркектин психологиясы жөнүндө кызыктуу фактылар бар.