Чүйдөгү кырсык: ипотека компаниясынын менеджери баласы менен көз жумду

Быйылкы жылдын 24-ноябрында болгон автокырсык беш кишинин өмүрүн алып кетти. Алардын ичинде төрт баланын энеси жана бир бөбөк бар.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кара-Балта шаарына жакын жерде болгон жол кырсыктан Мамлекеттик ипотека компаниясынын кызматкери — тобокелчиликтер боюнча менеджери Кундуз Тургумбаева жана анын 5 жашар баласы каза тапты. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.

42 жаштагы Тургумбаева төрт баланын энеси болгон.

Автокырсыктан адам өмүрү көп кыйылган Бишкектин көчөлөрү. Карта
Бул трагедия 25-ноябрда саат 00:20лар чамасында Чүй облусунун Жайыл районунун аймагындагы жолдун Токойлуу деп аталган жеринде болуп, Mercedes-Benz Sprinter менен Honda Stepwgn кагышкан.

Анда 13 киши жаракат алып, 5 адам каза тапкан.

Жабырлангандардын ичинен беш адам көз жуумп, сегизи жаракат алган. Үч киши ар кыл сыныктар менен ооруканада калтырылып, төртөө дарыгерлердин текшерүүсүнөн соң үйүнө жиберилген.