Кыргызстандыктар автоунаасын эки жол менен каттата алат. Кайсынысы арзан?

2020-жылдын 1-январынан тарта жеке муктаждыгы үчүн чет жактан автоунаа сатып алууну каалаган тараптар аны эки жол менен өзүнө каттата алат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери кире тургандыктан автоунаа сатып алууну каалаган жеке тараптар темир тулпарын эки жол менен каттата аларын билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы жылдан кийин күчүнө кире турган бажылык жол-жоболоштуруу Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин бардыгында бир калыпка келтирген.

2020-жылдын 1-январынан тарта жеке муктаждыгы үчүн чет жактан автоунаа сатып алууну каалаган тараптар аны жеңилдетилген жана жалпы тартипте каттата алат.

Автоунаанын бажы төлөмү качан арзан болот? Экономика министрлиги түшүндүрдү
Жеңилдетилген тартипте жол-жоболоштурууда жүргүнчү бажы декларациясын тапшырып, буга азыраак документ талап кылынат. Ошондой эле бирдиктүү белгиленген бажы төлөмү каралган. Ал эми жалпы тартипте автоунааны бажылык жол-жоболоштурам дегендер товарга карата декларация тапшырып, милдеттүү болгон бардык документтерди чогултуп келиши керек. Андан сырткары, автоунаанын бажылык баасынан 12 пайыздык кошумча нарк салыгын да төлөйт.

Мисалы, 2014-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын көлөмү 2500 куб сантиметр, баасы 10 миң евро болгон Тoyota Camry автоунаасын бажылык жол-жоболоштуруу төмөнкүдөй болот.

Жеңилдетилген тартипте:

Бирдиктүү бажы төлөмү жана ар бир куб сантиметр үчүн 5 евро төлөө керек. Эсептей келгенде, 2500х5 евро, жыйынтыгында 12500 еврону түзөт.

Жалпы тартипте:

Бажы салыгы 20 пайыз, бирок ар бир куб сантиметри үчүн 0,44 евродон кем төлөнбөйт. Эсептей келгенде, бажы салыгы 10 000х20 пайыз=2000 евро.

Кошумча нарк салыгы (10000+2000)х12 пайыз=1440 евро. Жыйынтыгында 2000+1440=3400 евро болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2020-жылдын 1-январынан тарта автоунааларды бажылык жол-жоболоштуруунун наркы бир кыйла жогорулайт. Эгер жаңы жылдан кийин машина сатып алууну пландап, бирок канча акча кетерин билбей жатсаңыз, Sputnik агенттиги даярдаган калькуляторду пайдаланыңыз.