Нарын шаарында көмүрдүн тоннасы 3500 сомдон сатылууда. Даректери

Нарын шаарына быйыл жалпысынан 10,5 миң тонна көмүр керектелет. Бюджеттик мекемелердин 90 пайызга жакыны көмүр менен камсыздалган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Быйылкы кышта Нарын шаарына жалпы жонунан 10 555 тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарындагы көмүр сатылган жайлар. Дареги
Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата бюджеттик мекемелерге үч миң тонна көмүр алынып, план 86 пайызга аткарылды. Ал эми Нарын шаарынын элине жети миң тонна көмүр керек болсо, учурда калктын 31 пайызы кара алтын менен камсыз болду.

Андан тышкары, шаар аймагындагы кампаларда сатыкка коюлган 478 тонна көмүр бар. Азыркы тапта 1 тонна көмүр 3500 сом, бир кабы 180 сомдон сатылууда.

Нарын шаарында көмүр сатылып жаткан кампалардын даректери:

1. Городок аймагы. Кара-Кече көмүрү. Баасы 3500 сом.

2. Военкомат аймагы. Турук көмүрү. Баасы 3500 сом.

3. Шадыманов көчөсү 15А. Турук көмүрү. Баасы 3500 сом.

4. Көтөрмө аймагы, Боогачы көчөсү №19. Турук көмүрү. Баасы 3500 сом.

5. Борбор аймагы, Финансылык бөлүмдүн жаны. Турук көмүрү. Баасы 3500 сом.

6. Интернат аймагы. Турук көмүрү. Баасы 3500 сом.

7. МДС аймагы. Кара-Кече көмүрү. Баасы 3500 сом.

8. Борбор аймагы. Айгыр-Жал №21. Кара-кече көмүрү. Баасы 3500 сом.

9. Москва аймагы. Май куюучу станциянын жаны. Турук көмүрү. Баасы 3500 сом.

10. Городок аймагы, Ипподром отканасы. Кара-Кече көмүрү. Баасы 3500 сом.