Алтынбек Сулайманов Саймаитинин өлүмүн иликтеген комиссиядан чыкты

Буга чейин соцтармакта Сулайманов менен Саймаитинин эс алып отурган сүрөтү жарыяланып, күмөндүү пикирлерди жараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссиядан чыкты. Бул туурасында эл өкүлү өзү Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анда ал коомчулукта эч кандай шек жаралбашы үчүн комиссиядан чыгууну туура деп чечкенин жазат.

"Мени элге жаман көрсөтүү аракети күч алгандыктан, эл өкүлдөрү ушул болуп жаткан иштерди иликтеш керек деп комиссия түзүүнү демилгелегем. Комиссия ишинин жүрүшүнө жарандык коом, журналисттер, депутаттар көз салып турат. Иликтөө ачык болот деп ишенем", — деди Сулайманов.

Искендер Матраимов иликтөөдөгү айыптоолорго жооп берди
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Алтынбек Сулайманов менен Айэркен Саймаитинин эс алуучу жайлардын биринде чогуу отурган сүрөтү жарыяланып, күмөндүү пикирлерди жараткан.

Ал эми 21-ноябрда Саймаитинин өлүмүн иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлүп, курамына Искендер Матраимов жана Алтынбек Сулайманов кирген. Андан кийин журналисттик иликтөө чыгып, бажыдагы коррупциялык иштерге жол ачууга шарт түзгөн деп депутаттын инилери Райымбек жана Руслан Матраимовдордун аты аталган. Мындан улам Матраимов да комиссиянын мүчөлүгүнөн чыккан.