Россияда көпүрөнүн алдынан башы жарылган кыргызстандык кишинин сөөгү табылды

Маркум 43 жашта болгон жана Россияга бир жыл мурда келген. Учурда анын өлүмүнүн чоо-жайы такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россияда көпүрөнүн алдынан башы жарылган кыргызстандык кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу АБН порталы жазды.

Ага ылайык, маркумдун сөөгү 23-ноябрда эртең менен Ленинград облусунун Тесненск районундагы Москва — Санкт-Петербург трассасынын боюнан табылган. Окуя болгон аймактан алыс эмес жерде бош КамАЗ автоунаасы да болгон.

Полиция маркумдун 43 жаштагы кыргызстандык экенин аныктап, ал Россияга бир жыл мурда келгенин билдирди. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.