БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын төрт жеринде Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жарманкеге коюлган азык-түлүктөр Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен шаардык ветеринардык №21 лабораториянын дарыгерлеринин текшерүүсүнөн милдеттүү түрдө өтөт. Азык-түлүктөр сатылып бүткөндөн кийин кечинде "Тазалык" ишканасы аянттарды тазалап кетет", — деп билдиришти мэриядан.
Жарманке кайда болот?
- Биринчи май районунун аймагында Агрардык университеттин түштүк жагында — Скрябин менен Абай көчөлөрүнүн кесилиши;
- Октябрь районунун аймагында Гапар Айтиев менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн ортосундагы Нуркамал Жетикашкаева көчөсүндө;
- Свердлов районунун аймагында Төрөкул Айтматов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 районундагы сууну жээктей);
- Ленин районунун аймагында Жал кичирайонундагы Тыналиев көчөсүндө.
Жарманке учурунда жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, адистер баалардын жогорулап кетпешин көзөмөлдөп, карап турушат.