Шыкмаматов: Матраимовдун депкомиссиядан чыгышын талап кылам

Кечээ, 21-ноябрда, Айэркен Саймаитинин өлүмүн иликтөөчү комиссия түзүлүп, курамына Искендер Матраимов да кирген.
Sputnik

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов кесиптеши Искендер Матраимовду мүчөлүктөн чыгарууну талап кыларын билдирди.

Ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип дагы бир киши кармалды
Белгилей кетсек, кечээ, 21-ноябрда, Саймаитинин өлүмүн иликтөөчү комиссия түзүлүп, курамына И.Матраимов кирген. Ошол эле учурда Kloop жана "Азаттыктын" журналисттери бажыдагы көмүскө схемаларды иликтеп, аларга Саймаити өзү далилдөөчү документтерди берип турганын айткан. Иликтөөдө коррупциялык иштерге жол ачууга шарт түзгөн деп депутаттын инилери Райымбек жана Руслан Матраимовдордун аты аталган.

"Бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы болушу мүмкүн. Эгер Искендер Матраимов комиссиядан чыгарылбаса, эл иликтөөнүн жыйынтыгынан шек санап калат. Бул сунушту кесиптештерим дагы колдойт деп ойлойм. Комиссиянын биринчи отурумунда Матраимовду курамдан чыгарууну талап кылам", — деди Шыкмаматов.

Ошондой эле ал азырынча комиссиянын төрагасы шайлана электигин белгиледи.