Майлуу-Сууда өндүрүлгөн энергияны үнөмдөөчү LED лампаларынын иштөө мөөнөтү беш жылга жетет. Бул тууралуу Кумар Кылычев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, изилдөөлөргө ылайык жөнөкөй лампочкалардын иштөө убактысы жарым жыл гана болсо, ал эми энергияны үнөмдөөчү LED лампалары он эсе көпкө чыдайт.
"Бүгүнкү күндө дүйнөдө бардык өлкөлөр жашыл экономикага ыктап, бул багытта тийиштүү чараларды көрө баштады. Мындан Кыргызстан да четте калган жок. Учурда электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу талаптары коюлуп жатат. Мындан улам бизде да бул маселеге олутуу көңүл бурула баштады. Айтсак, жөнөкөй лампочкалар электр үнөмдөөчү LED лампаларына алмаштырылууда. Бул лампалардын өзгөчөлүгү анын иштөө мөөнөтү беш жылга чейин жетип, электр энергияны он эсе үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк бергенинде. Азыркы тапта андай жарык берүүчү каражаттар Кыргызстанда да өндүрүлүп жатат. Алардын сапатын текшерүү үчүн 2018-жылы Майлуу-Сууда чыгарылган LED лампаларды Белоруссияга жөнөткөнбүз. Жыйынтыгында ал жактан текшерилген 30 компаниянын лампаларынын ичинен Кыргызстандыкы экинчи орунду ээлеген", — деди Кылычев.
Ошондой эле ал өлкөдөгү ар бир адам энергияны үнөмдөөчү лампаларды колдонуу менен Кыргызстанда өнүгүп келе жаткан жашыл экономикага өз салымын кошо аларын белгилеп өттү.