53 млрд. доллар кайда? Кыргызстан менен Кытайдын бажы боюнча эки ача маалыматы

"Азаттык" радиосу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов боюнча экинчи ири изилдөөсүн жарыялады. Анда Кытайдан келген контрабандалык товарлар боюнча кеп болот.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан редакциясынын төмөндөгү материалы Кыргызстан менен Кытайдын бажы маалыматтарынын айырмаланган суммасы тууралуу айтып берет.

Кыргызстан менен Кытайдын импорт боюнча маалыматтарында байкалаарлык айырма чыккан. Бул тууралуу Эл аралык соода борборунун (ITC) маалыматтарында айтылат. Бул — Бириккен Улуттар Уюмунун соода, аны өнүктүрүү боюнча конференциясы жана дүйнөлүк соода уюмдарынын техникалык кызматташуу боюнча агенттиги. Уюмдун сайтынан ар бир өлкөнүн бажы боюнча маалыматтарын салыштырууга болот.

53 миллиард долларлык айырма

ITC жазган маалыматтарга таянсак, акыркы 20 жылда Кыргызстан менен Кытайдын импорт боюнча бажылык отчётторунда көлөмдүү эле айырма бар.

Кытайдан Кыргызстанга жасалган импорт, Кыргызстандан Кытайга жасалган экспорт боюнча сандар негизи бири-бирине кынтыксыз дал келбесе да окшош болушу, бири-бирине жакындашы шарт. Анткен менен Эл аралык соода борборунун сайтына караганда айырма абдан чоң. 

53 млрд. доллар кайда? Кыргызстан менен Кытайдын бажы боюнча эки ача маалыматы

2001-2008-жылдары Кыргызстанга дээрлик 13,6 миллиард доллар суммасында кытайлык товарлар кирген. Ал эми кытайлык бажы кызматындагылар 67,2 миллиард доллар деп санаган. Эгерде бул цифраларга ишенсек, анда ортодогу 53,6 миллиард доллардын кайда кеткени белгисиз. 

53 млрд. доллар кайда? Кыргызстан менен Кытайдын бажы боюнча эки ача маалыматы

ICT берген маалыматтарды текшерүү үчүн Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы берген сандарды карай келгенде, статистика бирдей болуп чыкты. 

53 млрд. доллар кайда? Кыргызстан менен Кытайдын бажы боюнча эки ача маалыматы

Казакстандын анализи

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар алмашуу боюнча маалыматтардын асман менен жердей айырмасы бар экендигин кошуна Казакстан айтып чыккан эле. 2017-жылы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда казак премьери Бакытжан Сагинтаев "көмүскөдөгү импорт" маселесине кайрылган. Бул билдирүү 25-октябрда кыргыз-казак мамилелеринин чыңалып турган учуруна туура келген.

Матраимов, Атамбаев, шайлоо, коррупция... Жээнбековдун жооптору
"Кытайдын тышкы соода боюнча статистикасына таянсак, 2015-жылкы экспорт 4,3 миллиард болсо, Кыргызстандын импорту 1 миллиард долларды түзгөн. Орто жолдо 3,3 миллиард доллар калып жатат. Кийинки 2016-жылы Кытайдын Кыргызстанга жасаган экспортунун көлөмү 5,6 миллиард долларга чыкса, Кыргызстандын маалыматы боюнча, 1,5 миллион долларлык товар импорттолгон. Ортодо 4,1 миллиард доллар кайда кетип жатканын көрүп жатасыздарбы?" — деген Сагинтаев.

Бул сандар ICT маалыматы менен туура келип жатат.

Миллиарддаган долларлык айырма эмнеден чыгып жатат? Бажы кызматынын жообу

Мамлекеттик бажы кызматынан маселе товардын катталышында экендигин айтышты. Алар Кыргызстан Кытай үчүн транзиттик өлкө экендигин, сөз биздин аймакка келип түшкөн товарлар жаатында жүрүп жаткандыгын билдиришти.

"Көп учурларда товардын барып түшө турган акыркы чекити катары Кыргызстанды көрсөтүп коюшат. Биз Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан жана Түркмөнстанга кете турган товарларга транзит болобуз. Кытай статистиканы товардын кеткен багыты деген принцип менен жасайт. Тактап айтканда, Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит болуп кеткен товарлар экспорт катары катталат", — дешти Бажы кызматынан Sputnik Кыргызстанга.

Маалыматтардын айырмаланып калышынын дагы бир себеби — көлөмдү эсепке алуудагы ыкмалардын ар башка болгондугу экен. Эгерде Кыргызстанда негизги бирдик килограмм болсо, Кытайда метр, бир даанасы жана башка дагы ушундай жолдор менен эсептелиши мүмкүн. Бажы кызматынан эсеп-чотко ала турган бирдиктер өзгөрүлмөлүү болгондуктан, бул товардын баасын аныктоодо убаракерчилик жаратарын айтышты.