БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Кыргызстандын элчиси Эдил Байсаловду кабыл алды.
Жолугушуу учурунда тартылган сүрөт падышалык үй-бүлөнүн Twitter баракчасына жарыяланды.
Ханыша Байсаловго ишеним грамотасын тапшырды.
Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Лондондо өткөн кыргыз-британ инвестициялык форумунда Байсаловго жолугуп, ханышага кыргыз өкмөтүнүн жана элинин атынан каалоо-тилектерин айтып коюусун өтүнгөн.
Эске салсак, Эдил Байсалов элчи болуп ушул жылдын июнь айында дайындалган.