Байсалов Эдил Жолдубаевич — өмүр баяны

Жазылуу
Эдил Байсалов 1977-жылы 6-августта Бишкек шаарында төрөлгөн.
Билими:
Нарын шаарындагы №7 мектепти аяктаган;
1992 – 1993 — Мектептер аралык алмашуу программасы менен Түркияда окуп келген;
1994 – 1995 — Мектептер аралык алмашуу программасы менен АКШда окуп келген;
1995 – 2000 — Кыргызстандагы Америка университетинде бизнести башкаруу адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
1995 – 1996 — Улуттук олимпиада комитети;
1996 – 1997 — Товар өндүрүүчүлөр улуттук ассоциациясы;
1997 – 1999 — Швейцариянын Weitnauer фирмасы;
05.1999 – 2007 — "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясында аткаруучу директордун орун басары, аткаруучу президенти, президент;
02.2001 – 02.2002 — Кыргызстандын юристтер ассоциациясынын аткаруучу директору;
2007 — КСДПнын жооптуу катчысы, мүчөсү;
09.04.2010 — Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси;
2010 — "Айкөл Эл" партиясынын лидери;
08.2012 – 09.2012 — Социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу;
2019-2021 — Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен королдугундагы ыйгарым укуктуу элчиси;
2021 — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары
2022 — БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын туруктуу өнүктүрүү боюнча комиссиясынын төрагасы.
Маалыматтар Интернеттеги ачык булактардан топтолду.
Жаңылыктар түрмөгү
0