БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Өгөй энесин мыкаачылык менен өлтүргөн 51 жаштагы киши 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.
Өкүмгө ылайык, каргаша Ош облусунда болгон. Айыпталуучу өгөй энесинин үйүнө мас болуп келип, ал жактан бир келин жана энеси болуп үчөө арак ичкен. Мейман болуп келген эркек жашы өтүп калган байбичени бир нече жолу бычак менен сайып жиберген. Кемпир окуя болгон жерде эле көз жумган.
Териштирүү маалында соттолуучу каргаша кандайча болуп кеткенин билбей калгандыгын айткан.
"Үчөөбүз арак ичип отурганбыз, кандайча бычакты алып сайып жибергенимди билбейм. Күнөөмдү мойнума алам, төрт балам бар, жеңил жаза берүүңүздөрдү өтүнөм. Каза болгон аял менин өгөй энем болчу, аны менен буга чейин урушуп-талашкан эмесмин", — деген соттолуучу өз көрсөтмөсүндө.
Сот 1,5 ай мурун өзүнүн келинчегинен ажырап төрт баласын баккан эркекти 15 жылга эркинен ажыратты.