Боз үйдө ыйлап отурганда алып кетишти. Ошто күйөөсүн өлтүрдү делип аялы кармалды

Шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери шектүү келинди Алай районунда күйөөсүн акыркы сапарга узатып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн. Учурда шектүү келин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Sputnik

ОШ, 21-ноя. — Sputnik. Ош шаарындагы батирлердин биринен 46 жаштагы күйөөсүн арматура менен башка чаап өлтүрүүгө шектелип, келинчеги кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынын өкүлү Абсатар Тавакалов Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады. 

Боз үйдө ыйлап отурганда алып кетишти. Ошто күйөөсүн өлтүрдү делип аялы кармалды

Билдирүүгө ылайык, окуя 19-ноябрь күнү болжол менен саат 23:30дар чамасында калаадагы көп кабаттуу үйдүн батиринде болгон.

"Күйөөсү үйүнө келип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы аны арматура менен башка үч ирет чапкан. Андан соң кошунасын чакырып, өз кылмышын жашыруу максатында "сырттан ушундай абалда жараат алып келип жатып калды" деп айткан. Эс-учун жоготкон күйөөсү шаардык ооруканада өзүнө келбей каза болгон", — деди Тавакалов көрсөтмөгө таянуу менен.

20-ноябрь күнү шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери шектүү келинди Алай районунда күйөөсүн акыркы сапарга узатып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн. Учурда шектүү келин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал күйөөсүн арматура менен башка чапкандыгын моюнуна алып, көрсөтмө берген.

Чогуу ичип отурган өгөй энесин бычактаган уул. Оштогу окуя боюнча өкүм чыкты
Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, маркум менен жубайы буга чейин пикир келишпестиктен улам чырдашып келишкен.

Учурда тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-пунктунун белгилерине ылайык, сотко чейинки иликтөө иштери башталды.

Далил буюму катары узундугу 97 сантиметр, диаметри 12 миллиметр болгон арматура алынды.

Маркум калаада маршруттук такси айдап жан багып келген. Жубайлардын ортосунда эки кыз бар. Ал эми маркумдун биринчи никесинен да эки баласы болгон.