БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева Аксыдагы окуучу кыздардын мушташынан кийин берилген жазаны мугалимдер эмес, ата-энелер алышы керектигин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Депутат мектептен тышкары жакта окуучулар мушташса же кандайдыр бир кырсык болсо эле эмнегедир мугалимдер жабыркап жатканын айтып, ошол эле маалда окуучулар же алардын ата-энеси эч кандай жоопкерчилик тартпай жатканына токтолду.
"Бул кыздар мектептен тышкары жакта мушташып жатат. Окуядан кийин жыйындар болуп, түшүндүрүү иштери жүрдү. Аягында келип 20 жылдык стажы бар директор Бурулай Мураталиева, 30 жылдык стажы бар завуч Урмат Абдыкеримов, 30 жылдык стажы бар Жумаян Дөөлөтова, 40 жылдык тажрыйбасы бар Жээнайым Надырбекова иштен бошоп жатат. 30-40 жылдын ичинде булар кандай окуучуларга, балдарга тарбия бергени эмнеге эске алынбайт? Эмне үчүн мектептен тышкары жакта болгон окуяга мугалимдер жооп бериши керек?" — деп депутат суроо салды.
Туманбаева ошондой эле илим-билимдүү, тажрыйбалуу адис жумушсуз калып, айласыздан мигранттардын катарын толуктай турганын айтты.
Депутат, андан сырткары, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү менен билим берүү жана илим министрине кайрылып, иштен алынган мугалимдерди кайтадан ордуна коюуну суранды.
"Эмнеге бардык жазаны мугалимдер алышы керек? Ата-энелер алса болбойбу? Мугалимдер билим берет, ата-эне тарбия берет. Ошону эске алып, иштен алынган мугалимдерди кайрадан ордуна коюңуздар. Айылга жаш мугалимдер барып иштебейт. Булар да бир үй-бүлөнү багып жаткан адамдар болуш керек", — деди ал.
Белгилей кетсек, окуучу кыздардын тобу менен мушташып жаткан видеосу социалдык тармактарда жарыяланган. Милиция окуя Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылында катталганын билдирген.
Кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы иштен алынган болчу.