Бычак шилтеген кишини байкап. Мэр троллейбус айдаган келинге сыйлык тапшырды

Калаа башчысы троллейбустун айдоочусу жана милиция кызматкерлери менен жолугуп, аларга ыраазычылык билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жүргүнчүлөргө бычак шилтеген кишини кармаган милиция кызматкерлери менен №2 троллейбустун айдоочусуна ыраазычылык билдирди.

Окуя кечээ, 20-ноябрда, болгон. Милициянын маалыматына караганда, троллейбустагы киши жүргүнчүлөргө бычак шилтеп коркуткан. Андан соң качып кетүүгө аракет жасаган, бирок акыры укук коргоочулардын колуна түшкөн. Троллейбустун айдоочусу Светлана Тургунбаева Sputnik агенттигине окуянын чоо-жайын баяндап берген.

"Муниципалитеттин жетекчиси айдоочу аялдын эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди. Азиз Суракматов Светлана Тургунбаевага саат тапшырып, милициянын кызматкерлери Адилет Абдылдаев, Мирислам Алимбеков жана Медербек Таалайбековго ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми бычак ала чуркаган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилген.